Окуялар

Балыкчы менен Тоңдо сел жүрүп, жолдор бузулду

Ысык-Көлдүн Балыкчы жана Тоң райондорунда сел жүрүп, жолдор бузулганын ӨКМ билдирди.

Бүгүн, 30-июль күнү, таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаары менен Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа жана Оттук айылдарында нөшөрдөн кийин сел жүргөн.


«Суу турак үйлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор менен арыктар кум-шагылдарга толгон. Ысык-Көлдүн түштүк жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери селден зыян тарткан. Ал эми Көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык», — деп айтылат маалыматта.

Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Бообек Ажикеев менен министрликтин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кеткен.


Учурда Балыкчыдан 15 куткаруучу эки атайын техника менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Жабыркагандар катталган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button