Министр: мыйзамсыз акча чогулткан мектептин директору иштен алынат

Кыргызстанда мыйзамсыз акча чогултуулар катталган мектептин директору кызматтан алынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Министрдин айтымына караганда, эки айдын ичинде мектептеги окуу класстары үчүн зарыл болгон буюмдарды (принтер, проектор, парда, бор, чүпүрөк, чака, самын ж. б.) алууга 50 млн сом бөлүндү. Келерки жыл үчүн мындан да көп суммада каражат которулат.
Кендирбаева ата-энелерге кайрылып, мектептерде акча чогултуу процесси толугу менен токтотулгандыгын эске салды.
«Камкорчулар кеңеши боюнча да президенттин жарлыгына ылайык, акча чогултууларды токтоттук. Мыйзамсыз акча чогултуулар боюнча бизге келген фактылар боюнча териштирүүлөр болуп жатат. Айрыкча Бишкек шаарында. Эгерде мыйзамсыз акча чогултуулар катталган мектеп аныкталса, анда мектеп директору менен кош айтышабыз», — деди министр.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын май айында мектептерде мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана фонддорду түзүүгө тыюу салынган жарлыкка кол койгон.



