Коом

УКМК: Баткенде лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея уюштурган жаран кармалды

КР УКМК тарабынан Баткен райондук ИИБ менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Лотереялар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуп, лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея оюндарын уюштурган Кыргыз Республикасынын жарандары аныкталган.

Мыйзамсыз иштин уюштуруучусу, Баткен районунун Самаркандек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.у.К. жана башка тиешеси бар адамдар аныкталды. Уюштуруучулар лотерея билеттерин (жалпы суммасы 8 миллиондон ашык сомго 2 миң 800 даана сатып) Лотереянын жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүшүп, төлөмдү онлайн арыздар аркылуу алышкан.

Бул факты боюнча “Мыйзамсыз ишкердик кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Уюштуруучулардын жашаган жеринен тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулуучу унаалардын документтери, лотерея билеттери жана ишке тиешелүү башка документтер алынган.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын басма сөз борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button