Коом
УКМКнын запастагы подполковниги Игорь Душимов дүйнө салды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын запастагы подполковниги Душимов Игорь Даулетович 63 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен билдиребиз.
КР УКМКнын жетекчилиги, өздүк курамы жана ардагерлер кеңеши маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Игорь Даулетович 1962-жылы 4-январда Казак ССРинин Чимкент облусунда туулган. Ал 1984-2002-жылдары улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп, ар кандай ыкчам жана жетекчилик кызматтарды аркалаган. Душимов И.Д. боорукер адам, ишенимдуу дос жана жолдош катары эсте калат. Ал биздин эсибизде дал ушундай бойдон сакталат деп айтылат маалыматта.



