Камчыбек Ташиев: Алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болот

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Саясат.kg порталына курган маегинде алдыдагы парламенттик шайлоого аттангандарга ар кандай көз боёмочулуктан алыс болууга кеңеш берди.
«Алдыдагы шайлоону таза өткөрүү үчүн көзөмөл күчтүү болот. Мен талапкерлерге эскертип коёюн, «билбей калат» деп ар кандай көз боёмочулукка баргандан алыс болгула. Баары бир ачыкка чыгып калат. Андай учурда жаза катуу болот. Ачыгын айтканда, биз таза шайлоо өткөрүү ниетинде абдан чоң жумуш жасадык. Анткени, биз да убагында канчалаган шайлоолорго катышып, азабын тартып келгенбиз. Азыр болушунча адам факторун азайттык, санарипке өттүк. Шайлоочулардын кызыкчылыгы биринчи орунда болду. «, — деди Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы ошондой эле шайлоодо азыр бийлик мурунку бийликтин каталарын кайталастыгын айтып, бийлик башындагылар тарабынан айрым талапкерлерге бата берилип жатат деген кептерди билдирди.



