Коом

Автоунаанын канча чакырым айдалганын азайтып, артка түрдүргөндөр эми айып төлөйт

Автоунаанын канча чакырым айдалганын азайтып, артка түрдүргөндөргө эми жаза каралды.

Бул үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди. Аны ЖКнын депутаты Дастан Бекешев сунуштап, алып чыккан. Эми чакырымды жасап-түзөгөндөр айыпка жыгылмакчы.

Мыйзам долбооруна ылайык, машинанын бул түзүлүшүндөгү (одометр) көрсөткүчтү атайылап азайткандар жана муну жасап бергендер 10 миң сом, ал эми юридикалык жактар 28 миң сом төлөмөкчү.

Эгерде одометрди оңдоп же алмаштырса, жазага кириптер болбойт.

Тектеш кабарлар

Back to top button