Саясат

Президент ЕАЭБде ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырды

Президент Садыр Жапаров ЕАЭБ алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал Астана шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында айтты.

Мамлекет башчысы рынокту толук ачуу жергиликтүү завод-фабрикаларга терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин белгилеп, мындан улам улуттук өндүрүштү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек деп эсептейт.

Жапаров учурдагы колдоо механизмдери көбүнчө ири компанияларга көбүрөөк пайда алып келип жатканын, экономикасы чакан мамлекеттерде жаңы өндүрүш ишканалары жетишсиз экенин айтты. Президент жыл соңуна чейин экономикасы чакан өлкөлөрдө биргелешкен завод-фабрикаларды ачууга өбөлгө түзгөн жаңы механизм сунушталарын күтүп жатканын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button