Адылбек Касымалиев Куралдуу күчтөрдүн 34 жылдыгына арналган салтанатка катышты

Аскердик милдетин өтөөгө умтулгандар көбөйүп, жаштар арасында аталган кызматтын кадыр-баркы өсүп баратат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Куралдуу күчтөрдүн 34 жылдыгына арналган салтанатта билдирди.
Өкмөт башчы аскер кызматкерлерин, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин жана жалпы катышуучуларды бүгүнкү мааракелүү окуя менен куттуктап, мамлекеттин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууда улуттук армиянын ролу зор экенин белгиледи.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн түзүү эгемендүү мамлекеттин өнүгүүсүндөгү чечүүчү этап болгонун баса белгиледи. Армияны түзүүнүн татаал жолуна карабастан Куралдуу күчтөр даңктуу салттардын уландысын сактап, потенциалын ырааттуу түрдө чыңдап келе жатканы белгиленди.Төрага улуттук Куралдуу күчтөрдү түзүүгө демилгечи болгон армиянын ардагерлерине жана аскер башчыларына ыраазылык билдирип, алардын өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымын баса белгиледи.
Касымалиев сөзүндө армияны модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, жаңы имараттар, аскер шаарчалары, казармалар курулуп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо сапатын жакшыртуу үчүн зарыл шарттар түзүлүп жатканына токтолду.
«Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн тышкы саясатты карманып, коңшулук ынак мамилелерди жана эл аралык кызматташтыкты КМШ, ЖККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өнүктүрөт. Буга байланыштуу биргелешкен эл аралык аскердик машыгууларды жана аймактык коопсуздукту чыңдоо маанилүү», — деди Касымалиев.
Сөзүнүн соңунда аскер кызматчыларына чын дилден кызмат өтөгөндүгү үчүн ыраазылыгын айтып, аларга жана үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, бакубат жашоо каалады.



