Окуялар
Кыргызстанда кечээ эки жолу жер титирөө катталды

Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Биринчи жер титирөө саат 14:15те, экинчиси саат 16:27де болгон.
Кайталанган сейсмикалык активдүүлүктүн очогу Сузак районунун борборунан түндүк-батышты карай 3 чакырым алыстыкта, Манас шаарынан түштүк-батышты карай 9 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Сузакта болжол менен 2,5 баллды түзгөн.



