Коом

Согуш ардагерлерине 9-Майга карата жөлөк пул берилет

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары менен ардагерлери 9-майга карата кандай төлөмдөрдү ала турганын түшүндүрдү.

Ведомстводон билдиришкендей, бюджеттен 9 миллион 934,5 миң сом каралган. Каражат төмөнкү категорияга киргендерге берилет:

Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына (5 адам) — ар бирине 20,6 миң сомдон;

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына (23 адам) — ар бирине 20,4 миң сомдон;

концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына (8 адам) — ар бирине 20,4 миң сомдон;

Ленинградды коргогондугу үчүн медалы жана Курчоодогу Ленинграддын тургуну төш белгиси менен сыйланган адамдарга (11 адам) — 20,4 миң сомдон;

Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана никеге турбаган жесирлерине (1 адам) — 15,2 миң сом;

Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында тылдагы жан аябаган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга (589 адам) — 15,1 миң сомдон.

Жалпысынан 637 адам бир жолку жөлөк пул алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button