Коом

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасы толуп, бейтаптар коридорго жаткырууда

Бул тууралуу башкы дарыгердин орун басары Нургүл Молдалиева билдирди.

Анын айтымында, 500 орундуу ооруканада учурда 606 бейтап дарыланып жатат.  

“Клиникага кечээ 317 адам кайрылып, анын 123ү (114ү балдар) ооруканага жаткырылган. Орун жетпегендерге койкалар коюлуп, коридорлорго жаткырып жатабыз. Азыр күч алган оорулардын сап башында КРВИ турат, экинчи орунда кызамык, андан кийин башка оорулар”, — деди Молдалиева “Биринчи радиого” берген маегинде. 

Жалпысынан өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экени айтылды. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги суук түшүп, республикада КРВИ, сасык тумоо күч алганын эскерткен. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button