Коом
Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ак-Ордо конушундагы үйү сүрдүрүлгөн 4 балалуу келинге жаңы үй куруп берүү иштери башталды

Өткөн аптада сөз болуп жаткан келиндин үйүн соттун чечими менен түрттүрүп салышкан. 5-мартта Ак-Ордо конушуна Жапаров өзү барып, үй-бүлө мүчөлөрүнө жолуккан.
Алар жерди 10 жыл мурун ишеним кат менен сатып алган. 2017-жылы ага башка тараптар кызыл китеп алышкан. Президент териштирүү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды.
@user2



