Mega ишканасы 14,6 миллиард сомго бааланды

Бааны казакстандык компаниялар аныктап бергенин ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү, депутат Жанар Акаев билдирди.
«Кечээ Мамлекеттик мүлк фондунда Mega компаниясына баалоо жүргүзгөн көз карандысыз компаниялар отчетун берди. Аны комиссиянын менден башка мүчөлөрүнүн баары базар баасына туура келет, реалдуу баа деп колдоп, ошол баа бекитилди», — деди Акаев.
Депутат бааланган ишкана Мамлекеттик өнүктүрүү банкына берилерин, андан кийин Ширшовдордун колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин кошумчалады.
“Альфа Телеком» ишканасынын 100 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү. Бийликтин көп жылдар бою компанияны сатуу аракетинен майнап чыкпай, анын баштапкы баасы бир нече жолу (19 миллиард сом жана 13,5 миллиард сом) өзгөргөн. Өткөн жылдын аягында Кыргызстанда «Альфа Телеком» ишканасын сатуу маселеси кайрадан көтөрүлгөн.



