Дүйнө

АКШда антиорусиялык санкциялардан улам азык-түлүк кымбаттай баштайт

АКШда азык-түлүк тартыштыгы күтүлбөйт, бирок Украинадагы окуялар жана Орусияга салынган санкциялардан улам баалар көтөрүлүшү мүмкүн. Бул туурасында Ак үйдүн экономика боюнча кеңешчилер тобунун башчысы Сесилия Роуз айтканын РИА Новости жазды.

«Дефицит болот деп күткөн жокпуз, себеби биз, негизинен, экспортёрбуз. Бирок дүйнөдө буудайдын экспортуна көз каранды болгон аймактар бар экендигин билип турабыз», — деди ал журналисттер үчүн уюштурулгун брифингде.

Роуз — Орусиянын мунай затын сатып алуудан баш тарткандыктан АКШдагы күйүүчү майга болгон баага санкциялардын «бир топ таасирин» бийлик байкап жаткандыгын да айткан. «Биз аны менен катар жер семирткич жана энергоресурстардан улам (алардын бааларынын өсүшү) азык-түлүктөгү дагы өзгөрүүнү көрүшүбүз мүмкүн», — деп кошумчалаган ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button