Коом

Ипотеканы жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу максатында МИК каражаттарды турак жай курууга жумшап жатат

Турак-жай программасынын негизги максаттарынын бири республика боюнча турак-жай куруу болуп саналат. Ушуга таянып, компаниянын турак жай фондун көбөйтүү жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компания Программанын алкагында финансылык ресурстарды арзан турак жайларды курууга багыттап жатат. Бишкек шаарында курулуш иштери башталып, учурда кызуу жүрүп жаткан кези. Курулуштун кийинки этабы республиканын аймактарында улантылат.

Курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдө батирлердин баасы 1 чарчы метри 550 долларга чейин бааланса, учурда кыймылсыз мүлк базарында эски турак жайдын баасы 1000 доллар жана андан жогору турат. Ошентип, көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жарандар үчүн мамипотеканы эки эсе жеткиликтүү кылат.

Курулуш аяктагандан кийин даяр батирлер «Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасынын катышуучуларына өнөктөш банктардын катышуусуз түз Мамлекеттик ипотекалык компания өзү сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен узак мөөнөттүү ижарага берилет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде республиканын бардык аймактарында «Жеңилдетилген ипотека» (жылына 4%) багыты боюнча банктар аркылуу ипотекалык насыяларды берүү токтотулган. Ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларында «Жеткиликтүү ипотека» (жылына 8%) багыты боюнча ипотекалык насыяларды берүү токтотулган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда республиканын аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштеген жана жашаган бардык жарандарга (мамлекеттик жана жеке сектордун кызматкерлери) мамлекеттик ипотеканы берүү «Жеринде турак жайды каржылоо» программасынын алкагында жүргүзүлүүдө.  Бул турак жай программасы Германиянын өнүктүрүү банкы KfW тарабынан каржыланат, ипотекалык насыялар өнөктөш банктар аркылуу кезексиз берилүүдө:

• «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАК;

• «РСК Банк» ААК;

• «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКсы.

Эскерте кетсек, “РСК Банк” жана «Кепилдик фонд» аркылуу баштапкы төлөмдүн 10%ына мамлекеттик кепилдик алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле, Программанын алкагында ипотекалык насыялар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын «Элдик турак жай компаниясы» аркылуу келишимдик турак жай аманат механизми аркылуу берилет. Бул механизм ипотекалык насыя алуу үчүн баштапкы төлөмдү алдын ала топтоону камтыйт. Келишимдик турак жай аманаттарынын алкагында ипотекалык насыя алуу үчүн Бишкек ш., Киев көчөсү, 210. Сурап билүү телефону: +996 (509) 292 121

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button