Окуялар

Кырчын жайлоосундагы кырсык. 1 киши каза болуп төртөө ооруканага жеткирилди — ФОТО

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Кырчын тилкесинде ГЭС курулуп жаткан жерге жүк ташып бара жаткан КамАЗ унаасы сайга кулап кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 4 эркек киши жабыркаган. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда.

Жерине ӨКМнын Тоң райондук №38 өрт куткаруу бөлүгүнүн авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу тартылып жеринде каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адамдар менчик унаа менен ооруканага жеткирилген.



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button