Коом
Бишкекте канализациянын өтмөгүн казып жаткан кишини жер басып калып каза тапты

Адамдын өмүрүн алган окуя Мурманск көчөсүндө 8-апрелде болгон.
Канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан эки кишини топурак басып калып, куткаруучулар А. Т. аттуу жаранды аман-эсен сууруп чыгышкан. Ал эми 31 жаштагы К. Б. уулу тилекке каршы, ошол жерден эле каза болуп калган.




