Коом
Кечээки катуу шамалдын кесепетинен 10 адам жабыркап, 154 объект бузулду

Бул ӨКМдин Бишкек, Чүй жана Талас башкармалыктарынын бүгүн саат 8:30га карата берген маалыматы. Анын ичинен шамал борбор калаадагы 66 имаратка (социалдык, турак жай, чарба) зыян келтирген.
Табигый кубулуштун кесепетин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо боюнча Жарандык коргонуу кызматы иштеп жатат. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, кечээ шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге жеткен.
@abal-kg



