Бишкектеги «Мира» кафеси санитардык талаптарды бузганы үчүн убактылуу жабылды

Бишкек шаарындагы Горький көчөсү, 117 дарегинде жайгашкан «Мира» кафесинде (ОсОО «Мир Хыпин») пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар санитардык мыйзам бузуулар аныкталган. Алардын катарында жайдын санитардык-техникалык абалынын талапка жооп бербегени, тамак-аш даярдоо технологиясынын бузулушу жана кызматкерлердин жеке гигиена эрежелерин сактабаганы бар.
Аталган фактылар боюнча эки административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 28 миң сомду түзгөн айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин 22-июндан тартып мекеменин ишин токтотуу боюнча санитардык көрсөтмө берилди.
Ошондой эле кафеде таракандарга каршы дезинсекциялык иш-чараларды жүргүзүү үчүн келишим түзүлгөн.



