Коом

Акыйкатчы Ирандын Адам укуктары боюнча штабынын өкүлү Касем Бармуз менен жолугушту

Бүгүн, 22-июнда КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Ирандын Адам укуктары боюнча штабынын өкүлү Касем Бармуз менен жолугушту. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Акыйкатчы Ирандагы акыркы кырдаалга байланыштуу каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, адам өмүрүнүн жана карапайым элдин коопсуздугунун сакталышына, бейпил турмуштун уланышына үмүт артарын билдирди.

Жамиля Жаманбаева бүгүнкү күндө улуттук укук коргоо институттарынын таасири барган сайын жакшырып жатканын белгиледи.

“Заманбап чакырыктар мамлекеттер аралык укук коргоо мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашууну талап кылат. Биз эркинен ажыратуу жана башка мажбурлап кармоо жайларында жарандардын укуктарынын сакталышы, эмгек мигранттарынын жана студенттердин укуктарын коргоо, ошондой эле гуманитардык маселелер боюнча кызматташтыкты өнүктүрө алабыз”, — деди Акыйкатчы.

Касем Бармуз жылуу кабыл алуу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттарынын биринчи Консультативдик жолугушуусуна катышууга чакырганы үчүн Жамиля Жаманбаевага ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, эртең, 23-июнда Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук институттарынын биринчи Консультативдик жолугушуусу өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button