Окуялар

Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына айып салынды

М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы текшерилди. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматы тарабынан музыкалык окуу жайда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталды.

Укук бузуулар кодексине ылайык, мекемеге 23 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле мекеменин жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди жоюуга милдеттүү көрсөтмөлөр берилип, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Тектеш кабарлар

Back to top button