Коом

Бишкекте түнкү автобус каттамдарын ишке киргизүү каралууда

Айбек Джунушалиев Бишкекте түнкү автобус каттамдарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, учурда бул маселе коомдук талкууга коюлган. Талкуу аяктагандан кийин бийлик түнкү убакта коомдук транспорттун иштеши үчүн шарт түзүүгө даяр.

«Азыр коомдук талкуу жүргүзүп жатабыз. Андан кийин автобустар түнкүсүн дагы жүрүшү үчүн шарт түзүүгө даярбыз», — деди Айбек Джунушалиев.

Анын айтымында, түнкү каттамдар үчүн өзүнчө тариф киргизүү пландалууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жол кире 50–70 сом болушу мүмкүн.

Мэр ошондой эле автобустар таң атканга чейин иштей аларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button