УКМК: Эл аралык баңгизат тобунун каналына бөгөт коюлуп, салмагы 2 кг 800 граммды түзгөн «мефедрон» синтетикалык баңгизаты алынды

2023-жылдын 10-декабрында КР УКМК тарабынан синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана таратуу боюнча дагы бир каналга бөгөт коюлду. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат кылмыштуу тобунун мүчөлөрү С.А.Р. жана К.М.Б. кармалды.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылына жакын жерде, “Ак-Жол көзөмөлдөп-өткөрүү пунктту – Бишкек шаарынын унаа жолунда” 11.08.1993 — ж.т. С.А.Р. жана 02.08.1992 — ж.т. К.М.Б. аттуу эки чет элдик жаран, жалпы салмагы 2 кг 800 граммды түзгөн синтетикалык «мефедрон» баңги заты менен кармалды. Бул бангизаттын базар баасы 1гр 6000 сомго бааланып, Кыргыз Республикасынын аймагында кармалган баңги жүктүн баасы болжол менен 15 миллион сомду же 168 миң АКШ долларын түзөт.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту «Ири өлчөмдө баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сактоо, ташуу, жөнөтүү» боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган чет элдик жарандар тергөө амалдары бүткөнгө чейин КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.



