Коом
Өлкөдө бензин дагы 2 сомго кымбатташы мүмкүн экени айтылды

Өлкөдө сентябрдан баштап бензинге болгон баа дагы жогорулашы мүмкүн. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, баалар 1,3 — 1,7 сомго кымбаттаары күтүлөт.
Маалыматка ылайык, сентябрь айынан тартып Орусиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан бензин алып чыгуу боюнча буйрутма берилгенде тоннасына 19,3 доллар болгон экспорттук бажы алымы колдонулат.
«Экспорттук бажы алымынын колдонулушуна байланыштуу күйүүчү майдын литри 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.



