Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорлору талкууланды

Бүгүн, 29-майда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнчаулуттук агенттикте венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорлору тууралуу талкуу өттү.
Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, стартап экосистемасынын катышуучулары, инвесторлоржана тармактык эксперттер катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам долбоору, ошондой эле венчурдуккаржылоо маселелерине байланыштуу айрыммыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүбоюнча демилгелер талкууланды. Мындантышкары, бизнес-коомчулуктун сунуш-пикирлерикаралды.
«Бүгүнкү күндө инновациялык экосистеманыөнүктүрүү, жаңы инвестициялык инструменттердикиргизүү жана жеке капиталды тартуу өлкөнүнинвестициялык потенциалын кеңейтүүдөгүмаанилүү багыттардын бири болуп саналат. Венчурдук каржылоо механизмдерин өнүктүрүүстартаптарды колдоого, технологиялыкишкердикти алдыга жылдырууга жанаинвестициялык чөйрөнү жакшыртууга өбөлгөтүзөт», — деп белгиледи Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Инвестициялар боюнчаулуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.
Катышуучулар венчурдук каржылоо боюнчамыйзамдардын кабыл алынышы стартап экосистемасын өнүктүрүүгө, инвестициялыкчөйрөнүн ачыктыгын жогорулатууга жанаинновациялык долбоорлорго капитал тартуумүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө болорунбелгилешти.
Ошондой эле мамлекеттик колдоонунмаанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулуп, стимулдаштыруучу механизмдерди жана жаңыинструменттерди киргизүү Кыргызстандавенчурдук рыноктун калыптанышына оң таасиринтийгизери айтылды.
Accelerate Prosperity уюмунун инвестициялыкдиректору Даниэль Абдылдаев укуктук базанытүзүү венчурдук экосистеманын өнүгүшү жанаөнөктөштөрдүн кызыгуусун арттыруу үчүнмаанилүү кадам экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулармыйзам долбоорлорун өркүндөтүүгө багытталгансунуштар менен бөлүшүп, бул демилгелеринновацияларды өнүктүрүүгө, технологиялыкишкердикти колдоого жана инвестициялардытартууга өбөлгө түзөрүн айтышты.



