Окуялар

Кызыл-Кыяда өспүрүмдөр арасындагы жаңжалдан 17 жаштагы бала каза болду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында теңтуштары менен болгон жаңжалдан кийин 17 жаштагы өспүрүм каза болду.

Өлүмгө алып келген сокку урган деп шектелип, дагы бир жашы жете элек өспүрүм кармалды.

Баткен ОИИБинин маалыматына ылайык, окуя 27-май күнү кечинде Кулатов атындагы паркта болгон.

Өспүрүмдөрдүн ортосунда алдын ала маалымат боюнча түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. Уруш учурунда катышуучулардын бири 17 жаштагы балага сокку урган. Ал эсин жоготуп, тез жардам кызматы келгенге чейин каза болгон.

Бул факты боюнча адам өмүрүнө коркунуч келтирген оор жаракат келтирүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү кармалды. Милиция массалык мушташ болгон деген маалыматты төгүндөдү.

Тергөөдө айтылгандай, сөз бир гана өлүмгө алып келген сокку тууралуу болууда. Шектүү менен дагы эки өспүрүм болгон, алардын окуяга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Ал эми каза болгон бала жаңжал маалында үч досу менен жүргөн.

Буга чейин социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда өспүрүмдөрдүн топтору мушташып, жаңжал акча талап кылуудан чыккан болушу мүмкүн деген маалымат тараган.

Учурда бул маалыматтар да тергөөнүн алкагында текшерилип жатат.

Маалым болгондой, каза болгон өспүрүм Кадамжай районундагы мектептердин биринин 10-классынын окуучусу болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button