Коом

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы Унжу-Булак жергесинде абал чыңалган бойдон калууда

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесинде саат 06:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал оор бойдон калууда. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, тажик тарап мамлекеттик чек аранын аталган жердеги такталбаган тилкесине контейнер коюшуп, андан 600 метр алыстап кетишкен.

Кыргыз тарап абалды тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде чечүү үчүн чараларды көрүп жатат, бирок Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатат.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан бөлүмдөрү кызматтын күчөтүлгөн тартибине өтүштү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button