Министрлик окуу китептери жетишсиз болгон учурда электрондук китептерди пайдаланууну сунуштады

Жаңы окуу жылынын алдында социалдык тармактарда ата-энелер окуу китептеринин жетишсиздигине жана алардын начар абалына байланыштуу нааразычылыктарын билдире баштады.
Билим берүү министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелис Музулманов мектептерге эскилиги жеткен жана санитардык талаптарга жооп бербеген китептерди берүүгө тыюу салынганын билдирди.
Окуу китептери жетишсиз болгон учурда ал kitep.edu.kg сайтындагы электрондук китептерди пайдаланууну сунуштады.
Ошондой эле чиновник Кыргызстанда 12 жылдык мектептик билим берүү системасына өтүүгө байланыштуу акыркы эки жылдан бери жаңы муундагы окуу китептери системалуу түрдө иштелип чыгып, басылып жатканын белгиледи.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектептерди окуу китептери менен камсыздоо бекитилген стратегиялык планга ылайык этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. 12 жылдык билим берүү системасына толук өтүү 2030-жылга чейин ишке ашырылат. Учурда окуучулардын бир бөлүгү 11 жылдык программа боюнча билим алууну улантууда.
Кыргызстандагы мектептерде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.



