Коом

Депутат Мирлан Самыйкожо: “Министр өтө майда экен! Арстан менен чөөнүн икаясы эске түшүүдө!”

Сабырбек Жумабековдун салмагы канчалык экенин эл көрсөтүп жатат. Бул кишинин баркын бир кызматка теңебешибиз керек. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо өзүнүн социалдык баракчасына билдирди.

«Министр өтө майда экен! Жетекчи деген ушактын деңгээлине түшүп жаман абысындарча жамандашып эмес, жетекчилик дарамети бийик болушу керек деп ойлойм. Ар бир ишинин аягында чуу болуп эле жатат.

Ар ким менен урушуп — талашкандан башка кыларга иши жокпу деп ойлойт экенсиң. Андан көрө саламаттыкты жакшыртуу үчүн жаңыча аракеттерди кылса жакшы болмок! Сабырбек Жумабековдун салмагы канчалык экенин эл көрсөтүп жатат.

Бул кишинин баркын бир кызматка теңебешибиз керек. Кызматсыз деле кылып келгени жана кыла турганы көп. Мындай учурда арстан менен чөөнүн икаясы эске түшөт экен», — деп белгилеген эл өкүлү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button