Коом
Кыргызстанда коронавирус күчөй баштады — ооругандардын саны 619га жетти

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.
Алардын маалыматы боюнча сыркоологондор Бишкекте — 273, Ошто — 110, Чүйдө 99, Ош областында — 57, Талас областында — 7, Нарын областында — 5, Ысык-Көл областында — 22, Жалал-Абад областында — 26, Баткен областында — 20 бейтап.
2020 -жылдын мартынан тартып республикада COVID-19 жана пневмония менен ноокастаган 109812 киши катталган.
12-июнга карата бул илдеттен беш бейтап каза тапты. Төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө. 2020 -жылдын мартынан тартып бул илдеттен каза тапкандардын саны 1881 кишиге жетти.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эл аралык классификациясы боюнча пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен формасы болуп саналат.



