Саясат

Президенттин Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды, — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Анда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү өткөрүү тартиби көрсөтүлдү.

Андан соң Садыр Жапаров Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту.

Президент жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берип, орто жана узак мөөнөткө пландалып жаткан социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө айтып берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button