Саясат

Жапаров Улуу Британиянын падышасы менен премьер-министрин Кыргызстанга чакырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 25-ноябрда Бишкекте Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын жаңы элчиси Висенте Солера Дьюкардан ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

2027-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата Садыр Жапаров Улуу Британиянын падышасы Карл IIIтү жана өлкөнүн премьер-министрин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар сооданы, инвестицияларды өнүктүрүүнү, каржы-банк секторунда, билим берүү жана туризм тармагында өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Президент инвестицияларды тартууну жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү Кыргызстандын экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттары деп атады.

Висенте Солера Дьюкар британ тарап бир катар багыт боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырастады:

— таза энергетика, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору;

— сейрек минералдарды казуу;

— билим берүү жана жасалма интеллект;

— Лондон фонд биржасынын линиясы боюнча өз ара аракеттенүү.

Элчи ошондой эле Кыргызстанда британ туристтеринин саны өсүп жатканын, кыргызстандыктардын Улуу Британияда ишке орношууга болгон кызыгуусун жана 2026-жылдын декабрь айына пландалган британ парламенттик делегациясынын республикага сапары тууралуу маалымдады.

Садыр Жапаров элчи мамлекеттик кыргыз тилин мыкты билерин белгилеп, кыргыз-британ мамилелерин мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыгуу жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.

Тектеш кабарлар

Back to top button