Милициянын жүзү жарык элине, эгерде берген антын актаса

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында үзүрлүү эмгектенип, эс алууда жүрүшкөн Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү 2024-жылга карата аткарылуучу иш-мерчемдин негизинде атайын жыйын өткөрүштү.

Күн тартибинде ардагерлер тарабынан жаш муундарга үгүт-насаат иштери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында берген кеп-кеңештери жана жаш кадрларды даярдоодогу сунуштары боюнча маселелер талкууланып, айрыкча жаш кызматкерлерге ардагерлер тарабынан ошол учурдагы жол коопсуздугунун абалы менен бүгүнкү күндөгү заманбап техниканын, санариптештирүүнүн алкагындагы калкты тейлөө байланыштарын жана ыкчам кызматтагы колдонулуучу күч каражаттарынын артыкчылыктары белгиленип, аларды колдонуу жана иш жүзүндө пайдалануу ыкмалары жеткерилди. Ошондой эле жол кырсыктарын алдын алуу үчүн мектептердеги окуучуларга, автобекеттердеги айдоочуларга жана жалпы коомго үгүт-насаат иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарыл экендиги, ал эми эл арасында милицияга болгон ишенимди арттыруу үчүн ачык, таза, берген антка бек туруу менен кызмат кылуу керек экендиги жаш кызматкерлерге жеткирилди.
Жыйындын соңунда башкы башкармалыктын жетекчилиги ардагерлерге ыраазычылык иретинде төш белгилерди ыйгарып, жаш кызматкерлер менен ардагерлердин ортосунда ажырым болбой, өлкөбүздүн коопсуздугу, мамлекетибиздин бүтүндүгү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн ардагерлердин тажрыйбасына таянуу керектигин белгиледи.



