Иран Али Хаменейди акыркы сапарга узатуу зыйнатын 4-июлда Тегеранда өткөрөт

Ирандын мурдагы Жогорку лидери Али Хаменейди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-июлда Тегеран шаарында өтөт. Бул тууралуу Ирандын Fars маалымат агенттиги кабарлады.
Аятолла 28-февралда АКШ менен Израилдин Иран аймагына жасаган алгачкы соккуларынан каза болгон.
Маалыматка ылайык, коштошуу аземинде Али Хаменей менен бирге анын жубайы, келини, күйөө баласы жана небереси менен да коштошуу болот. Алар дагы чабуул маалында аятолла менен кошо каза болушкан.
Тегерандагы коштошуу аземи 6-июлга чейин уланат. Андан кийин шииттер үчүн ыйык саналган Кум шаарында аза күтүү жүрүшү өтөт. 9-июлда Аятолланын туулган жери болгон Мешхед шаарында акыркы сапарга узатуу аземи өткөрүлөт. Али Хаменей Имам Резанын мавзолейине коюлат.
«Бардык урматтуу жарандарды, дүйнөдөгү эркиндикти сүйгөн адамдарды, ислам динин кармангандарды жана Иранды жактырган бардык адамдарды бул аземдерге катышып, маркум лидерди акыркы сапарга узатууга чакырабыз», — деп айтылат бийликтин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, алгач коштошуу аземи 4-мартта өтүп, үч күнгө созулары пландалган. Бирок азем күнү Иран бийлиги иш-чараны кийинки мөөнөткө жылдырганын билдирген. Бул чечим коштошууга келүүнү каалагандардын саны болуп көрбөгөндөй көп болору күтүлгөнү менен түшүндүрүлгөн.



