Коом

Бишкекте мопед жана скутер айдоочуларына рейд жүргүзүлдү

Бишкекте экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Патрулдук милиция башкармалыгы менен биргеликте мопед, мотороллер, электроскутер жана велосипед айдоочулары арасында рейд өткөрүштү.

Текшерүүнүн себеби — жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактыларынын көбөйүшү жана жашы жете электер катышкан жол кырсыктарынын санынын өсүшү болду.

Рейддин жүрүшүндө бир күндө 20дан ашуун мопед жана электроскутер айдоочусу текшерилип, алардын 12си чет өлкөлүк жаран экени аныкталган.

Мыйзам бузгандарга карата Кыргызстанда болуу тартибин, эмгек ишмердүүлүгүнүн эрежелерин же транзиттик өтүү тартибин бузгандыгы үчүн административдик протоколдор түзүлдү.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандар менен жол кыймылынын эрежелерин, коомдук тартипти жана миграциялык мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Милиция мындай иш-чаралар жол кырсыктарын алдын алуу жана борбор калаадагы жол коопсуздугун жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Эске салсак, 1-июлдан тартып Кыргызстанда мопед жана скутер айдоочулары жол кыймылынын толук кандуу катышуучулары катары эсептелет. Эми мындай транспорт каражаттарын башкаруу үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат.

Ошондой эле, мопед жана скутер ээлери жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда автоунаа айдоочулары сыяктуу эле жоопкерчиликке тартылышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button