Коом

Кыргызстанда логопед жана дефектологдорду даярдоочу адистер жетишсиз

Кыргызстанда логопед жана дефектолог адистерин даярдоочу адистердин курч тартыштыгы байкалууда. Мындан улам өлкөнүн аймактарындагы билим берүү мекемелеринде мындай кадрлар жетишпей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн түштүк аймагында дефектолог жана логопед адистерин даярдаган бир дагы жогорку окуу жайы жок. Бишкек шаарында болсо мындай адистерди эки гана окуу жай даярдайт — Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.

«Ошондуктан биз “Атайын педагогикалык билим берүү” деген жаңы багытты ачтык. Анын курамына логопедия жана сурдопедагогика кирет. Азыр эксперименталдык топтор иштеп жатат, мамлекеттик стандарттар иштелип чыкты жана бул багытты бардык педагогикалык жогорку окуу жайларга киргизип жатабыз», — деди Дурус Козуев.

Тектеш кабарлар

Back to top button