Коом
Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырылды

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды.

Калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомго тастыктама жана азык-түлүк корзина тапшырды.
20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмди жарык дүйнөгө алып келген. Үй-бүлөдө жети бала бар – 6 уул, 1 кыз.



