ВИДЕО: Патриот болуу, демек берген антынын акырына чыгуу

Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш кызматкерлери, 28-29-апрелде Баткен облусунда болуп өткөн окуялар учурунда, «Головной» суу сактагыч жайында өз милдетин так жана абийирдүүлүгү менен аткарган Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчылары менен жолугушту.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Аалам» пансионатында эс алып, медициналык дарылоодон өтөп жатышкан 11 аскер кызматчысы катышышты. Алар, ошол күндөрү биринчилерден болуп куралдуу соккуга каршылык көрсөтүп, республиканын өзгөчө кайтарууга алынган объектисин коргоп калууга үлгүрүшкөн.
Милициянын жаш муунунун өкүлдөрү жолугушууга катышкан сыймыктуу кесиптештерин кызыгуу менен угуп, аларга көптөгөн суроолорун беришти. Өз кезегинде, ички аскерлердин жоокерлери ошол мезгилдеги эскерүүлөргө сүңгүп кирип, башынан өткөргөн эң кооптуу үзүмдөрүн толук баяндашты. Ошондой эле, интернет тармактарында жайылып кеткен такталбаган маалыматтарга байланыштуу дагы өз ойлорун билдиришип, бул чек ара аймагында турукташып жаткан кырдаалды кайрадан курчутуп жибериши мүмкүн деген тыянактарын айтышты.
Жолугушууда жаш милиция кызматкерлери эрдикке жана мекенчилдикке чыныгы сабак алышты. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев белгилегендей, мындай жолугушууларды уюштуруу менен милициянын жаш кызматкерлерине кайраттуулуктун, тайманбастыктын жана мекенчилдиктин жогорку сапаттарын дагы бир жолу эскерте алышат. Ар бир үй-бүлөдө Ата Мекенди коргоого даяр эр азаматтар бар. Өлкө намысын коргогон чыныгы баатырлар арабызда жашап, эмгектенип келе жаткандыгын Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын көрсөткөн эрдиктери толук далил боло алат.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы



