Коом

УКМК: ЕАЭБ мамлекеттеринен Кыргызстанга мыйзамсыз товар алып киргендер аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда Ысык-Көл облусунун “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан «Volkswagen»  үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичи автобусту башкарып бара жаткан  КР жараны А.у.А. кармалып, анда ал эч кандай коштоочу документтери жок ири өлчөмдө товардык-материалдык баалуулуктарды (Мотоциклдер, кийим-кече жана башка эл керектөөчү товарлар) алып кирүүгө аракет кылган.

Учурда аталган мыйзамсыз аракетке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого, милдеттүү салыктарды жана башка чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button