Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы кызматкери кармалды. Видео

УКМК тарабынан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону (суглинок) казып алууга күбөлүктөрдү берүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди .
Такталгандай, айрым кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. Аталган күбөлүктөрдүн негизинде жер казынасын пайдаланууга уруксат берүүчү документтер таризделген.
Мындан тышкары, пайдалуу кендерди казып алуу иштерин жүргүзүүдө берилген тоо-кен тилкелеринин чегинен чыгып кетүү фактылары аныкталып, натыйжада жердин түшүмдүү катмарына зыян келтирилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке 14,2 миллион сомдон ашык өлчөмдө чыгым болгон.
Кылмыш ишинин алкагында күбөлүктү мыйзамсыз берүү фактысына тиешеси бар деп шектелген Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы биринчи орун басары Д.М.К. кармалды.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат. Иштин бардык жагдайлары, ага тиешеси бар башка адамдар жана келтирилген зыяндын так өлчөмү аныкталууда.



