Коом

Бишкек мэриясында көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюлду

Бишкек шаарынын мэриясында Түркияда чыгарылган көп орундуу автобустарды жеткирүү боюнча меморандумга кол коюу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, меморандумга мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы менен «Грин Бас» ЖЧКсы кол коюшту.

Жалпысынан 2021-2022-жылдары Бишкекке 300-350 автобус жеткирүү пландалууда.

10-12 метрлик экологиялык жактан ыңгайлуу автобустардын биринчи партиясы ноябрдын аягына чейин борборго жеткирилет.

Транспорт эл аралык стандарттарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө, бардык талаптарга толук жооп берет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button