Коом
Жаңы автобекеттен маршрутка, таксилер жүрө баштады

«Бишкек автобекети» Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде жайгашкан. Ал жактан Ысык-Көлдүн айдоочулары алгачкы каттамга чыга башташты. Эми Нарын, Ысык-Көл жана Чүйдүн айрым маршруткалары Бишкекти аралабай эле ушул жактан токтошот, мурун Чыгыш автобекетине барышчу. Бул жакка чейин шаар ичинде автобустар каттайт.
Садыр Жапаров «Ош» базары, Чыгыш жана Батыш автобекети жайга чейин шаар сыртына чыгарыларын айткан.



