Ысык-Көлдөгү капчыгайда козу карын терген бир үй-бүлөнүн эс алуусу өлүм менен аяктады

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Түргөн капчыгайында дайынсыз жоголгон эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 16-август күнү 1 аял жана 4 эркек Түргөн капчыгайындагы «Тихая вода» тилкесинде козу карын чогултуп жүрүшкөн. Алар менен жүргөн 1956-жылы туулган М.С. дайынсыз жоголуп кеткен. Издөө иштерине ӨКМден жалпы 15 куткаруучу тартылган.
Бүгүн, 17-август күнү маркумдун жансыз денеси туугандары тарабынан табылганы белгилүү болду.
Кийинчерээк козу карын терип жүрүп каза болгон М.С. Бишкек шаарынын тургуну экендиги белгилүү болду. М.С. үй-бүлөсү менен Түргөн капчыгайына эс алууга келген.
Кечээ, 16-август күнү түштөн кийин ал козу карын терип жүрүп, дайынсыз болгондугунан улам жакындары ӨКМга кайрылышкан.
Маркум буга чейин кант диабети менен ооруган. Учурда милиция жана медицина кызматкерлери тарабынан экспертиза жүргүзүлүүдө.



