ИИМ: 2021-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык отуруму болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Салтанат алкагында Мамлекет башчысы өзгөчө ардак белгиси, аскердик намыстын, эрдик жана даңктын символу катары Күжүрмөн туусун ИИМдин ички аскердик бөлүктөрүнө тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Андан соң мамлекет башчысы Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын оңдоп-түзөөдөн өткөн имараты менен таанышты. Президентке эл аралык кызматташуу боюнча расмий делегациялар менен жолугушуулар жана онлайн-жыйындарды өткөрүү залы көрсөтүлдү. Ошондой эле өлкөнүн бардык облустарында жана шаарларында эл көп чогулган жерлердеги абалды акылдуу камералар аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөгөн Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурду. Президентке Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖМК жана коомчулук менен иш алып баруу боюнча пресс-студия борбору көрсөтүлдү. Ошону менен бирге Садыр Жапаров милициянын кайгуул кызматынын жаңы техникалары, алардын ичинде электрмотоциклдер, унаалар, курал-жарак, портативдик көчмө радиостанциялары жана башка атайын жабдуулар менен таанышты. Мындан сырткары, милициянын участкалык инспекторлорунун жайкы, кышкы, күзгү-жазгы жана күнүмдүк варианттарындагы жаңы формаларынын комплектисинин макеттери көрсөтүлдү. Аларды ошондой эле кызматтык планшет жана көкүрөк-камера менен жабдышат. Президент Садыр Жапаров ошондой эле, ички иштер органдарынын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлеринин эстелигине гүл койду.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн ички иштер министрлигинин коллегиясына катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө мамлекетте тынчтык жана бекем тартип өкүм сүрмөйүн өлкө жетекчилиги тарабынын жасалып жаткан реформаларды, сунушталган экономикалык программаларды толук кандуу ишке ашыруу мүмкүн эместигин айтып, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди толук жана так аткарууну талап кылды.
Коллегиялык отурумга Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары жана министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, өз алдынча бөлүктөрүнүн, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана айрым бир шаардык-райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Жыйында республиканын ички иштер органдарынын 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын кароо, элдик социалдык турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген кылмыштарды, жоруктарды алдын алуу, бөгөт коюу чаралары жана калкка тейлөө көрсөтүүнүн сапаты, жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо иш-чаралары жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды.
Коллегиянын отурумунда негизги баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал –майору Сүйүн Өмүрзаков чыгып, республиканын ички иштер органдарынын 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.
“Негизинен 6 айда Ички иштер министрлиги жана жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан бир катар жакшы иштер аткарылды, ошону менен катар кемчиликтер да болду. Жетишкендиктер жана алдыга коюлган максаттар боюнча айта кетсем. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2021-жыл мамлекеттик деңгээлдеги коомдук-саясий иш-чаралар менен башталды. Себеби, Кыргыз Республикасынын Президенттин шайлоону өткөрүүдө, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолорун өткөрүүдө 10 миңден ашык кызматкер коомдук коопсуздукту камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди аткарып, массалык башаламандыктарга, коомдук жайларда оор жана өтө оор кылмыштарга, одоно укук бузууларга жол берилген жок.
Ушундай эле мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда, андан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү учурунда коопсуздук чараларын камсыздоо ишке ашырылып, ага 3 миңден ашуун кызматкер тартылды.

Апрель айынын аягында Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” аймагында чек ара маселеси курч болуп турган кезде, коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сактоо максатында, жалпы 3 миңге жакын кызматкер жогорулатылган тартипте иш алып барышты.
2021-жылдын 4-июнуна караган түнү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында чек-арада коомдук тартипти 400 кызматкер камсыздашкан”,-деди министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков.
Андан сырткары, элдин көйгөйүн жеринде чечип, сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, жарандарды кабыл алууга бардык шарты түзүлгөн 50 даана автоунаа менен “Милициянын көчмө кабылдамасы” аталыштагы көчмө пункттар ишке киргизилип, иш алып барууда (ИИМ 2, Чүй 7, Ысык-Көл 7, Нарын 4, Талас 4, Ош ш. 4, Жалал-Абад 9, Ош обл. 8, Баткен 5).
Райондордо, анын ичинде алыскы айылдарда жашаган элдин бир тактама алуу үчүн шаардык борборлорго келип, узун кезекке туруп, убара болуусуна бөгөт коюу максатында, Нарын облусунун Жумгал, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Талас облусунун Талас жана Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүндө “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүү пункттары ачылып, ишке киргизилгенин маалымдады.
Коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын ичинде элдин социалдык турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген уурулук, мал уурулук, тоноочулук, алдамчылык, каракчылык сыяктуу кылмыштарга бөгөт коюп, коомго жат көрүнгөн ар түрдүү окуялардын алдын алуу үчүн жана ички иштер органдарынын “Санариптештирүү” багытында ишмердигин чыңдоо боюнча республиканын аймагында жалпы 230 видео-камералар орнотулуп, ишке киргизилген (87 коомдук жайларга, 130 мал базарларга).
Элдин көйгөйүн жеринде чечип, сервистик тейлөө көрсөтүү максатында, республикабыздын бардык аймактарында жарандарды жеринде кабыл алып, маселесин чечүүгө бардык шарты түзүлгөн 50 даана автоунаа менен “Милициянын көчмө кабылдамасы” аталыштагы эл арасында автоунаа менен жүрүүчү пункттар ишке киргизилди.
Коомчулук менен жеринде иш алып барууну күчөтүү максатында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылында “Коомдук алдын алуу борбору” ачылып, ишке киргизилди. Учурда Республика боюнча 532 Коомдук алдын алуу борборлору милициянын жана жергиликтүү бийлик органдары, аксакалдар соттору, аялдар кеңеши жана жаштар тобу менен коомдук тартипти сактоо багытында өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келүүдө.
Коомдук тартипти сактоону, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү чыңдоо максатында, өзгөчө чек ара аймактарында коомдук тартипти камсыздоону ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, Нарын облусунун Кочкор, Баткен облусунун Кадамжай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жаңы имараты курулду. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылында, Ноокат районундагы Жаңы Базар айылында милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн имараттары курулуп ишке берилди. Нарын облусунда кызматкерлерге жаңы үй курулуп тапшырылды, Ош шаарында да кызматкерлер үчүн курулган үйлөрдүн курулушу да аяктоодо.
Чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун камсыздап, эл тараптан келип түшкөн чакырууларга ыкчам чыгууну жүргүзүп, маселелерди жеринде чечүүгө карата элге кызмат көрсөтүү үчүн, Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылында имараттын курулуш иштери аяктап, ИИМдин Ички аскерлеринин № 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери жайгаштырылган,-деди Сүйүн Өмүрзаков
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында, 1051 адамдан турган 425 кылмыштуу топтор колго түшүрүлүп, алар тараптан 1083 кылмыш жасалгандыгы аныкталган.
Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын саны 580 фактыны түзгөн. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 т 910 кг 801 гр баңгизаттар, психотроптук каражаттар жана перекурсорлор алынды.
Ошондой эле Сүйүн Өмүрзаков ички тартипти чындоо боюнча да кошумча багыттарды белгиледи
Коллегияда ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков бул аралыкта ички иштер органдарынын бардык күч-аракети коомдук тартипти бекемдөө, кылмыштуу аракеттерден жарандарды коргоо, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекет тарабынан жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга жумшалганын белгиледи. Бул коллегияда бардык маселелер менен жаралган көйгөйлөрдү ачык талкуулоо зарыл, анткени биз кемчиликтерди ачык айтып жана аны жоюунун багыттарын белгилеп, начар иштеген жетекчилерге чара көрүшүбүз зарыл деди.
Коллегиянын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков ачылбай калган резонанстуу кылмыштар боюнча ыкчам-тергөө иштерди күчөтүү керектигин айтып, айрыкча элдин көйгөйүн жаратып жаткан ачылбай жаткан уурулук жана тоноочулук фактыларынын ачылышын өзгөчө көзөмөлгө алына тургандыгын белгиледи.
Коллегиянын жыйынтыгы менен коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жетекчилердин ролу тогуз айдын жыйынтыгы менен ал эми жол коопсуздугун сактоо багытындагы маселелер сегиз айдын жыйынтыгы менен карала тургандыгы баса белгиленди.



