Без рубрикиКоом
Транспорт министри Талантбек Солтобаев канча маяна аларын айтты

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев расмий айлыгы жетишсиз экенин, бирок президент тарабынан берилген кошумча төлөмдөр бул маселени чечип жатканын билдирди.
Министрдин айтымында, анын ай сайынкы эмгек акысы иш сапар чыгымдарын эсепке албаганда 70–80 миң сомдун тегерегин түзөт.
«Чынын айтсам, айлык жетпейт. Бирок кошумча айлык менен абдан жакшы жетет», — деди ал.
Анын айтымында, кошумча ай сайынкы акчалай сый акы Садыр Жапаровдун демилгеси менен төлөнөт. Бирок анын так көлөмү айтылган жок.
Буга чейин президент министрлерге коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында өз фондунан кошумча төлөмдөр берилерин билдирген.



