ЖК жооптуу кызматкерлерге карата катуу жаза колдонууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гуля Кожокулова 2025-жылдагы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетун талкуулоо учурунда мамлекеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга жол берген чиновниктерди катуу жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
Анын айтымында, Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, мамлекеттик органдардагы каржылык мыйзам бузуулардын көлөмү 21 миллиард сомдон ашкан. Депутат мындай ири мыйзам бузуулар аныкталганы менен, тиешелүү мекемелердин жетекчилери жоопкерчиликке тартылбай жатканын сынга алды.
Өз кезегинде Башкы прокурордун орун басары Умуткан Конкубаева 2025-жылы прокуратурага Эсептөө палатасынан 57 материал келип түшкөнүн, алардын 38и боюнча прокурордук чаралар көрүлгөнүн билдирди. Натыйжада дээрлик 20 миллион сом өндүрүлгөн.
Бирок ал Эсептөө палатасынын актысы гана юридикалык баа берүү үчүн жетишсиз экенин белгилеп, ар бир материал боюнча кошумча текшерүү жүргүзүлөрүн, андан кийин гана мыйзам чегинде чаралар кабыл алынарын айтты.
Бул жооп депутатты канааттандырган жок. Ал 57 материал аз көрсөткүч эмес экенин белгилеп, жооптуу кызматкерлерге карата катуу жаза колдонулбаса, бюджеттик каражаттардын жоготуулары жылдан жылга улана берерин айтты.



