Коом
Жолдо чуу чыгарып, мушташкандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталды

Жолдо ызы-чуу салып, мушташ чыгаргандар айыпка жыгылып, айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн. Депутаттардын тобу демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Документке ылайык, айдоочу же жүргүнчү башка унаанын жолун тосуп, кыймылга тоскоолдук жаратып, териштирүү үчүн унаадан түшсө, «агрессивдүү жүрүм-турум» катары бааланат. Бул үчүн 10 миң сом айып пул каралууда.
Эгер жаран бир жыл ичинде ушундай эреже бузса, айдоочулук күбөлүгүнөн алты айга чейин ажыратылмакчы.



