ЖК Эсептөө палатасынын отчеттун жактырды

Жогорку Кеңеш 2025-жылдагы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетун жактырды. Тиешелүү чечим бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды.
Жыйында бир катар депутаттар мамлекеттик органдарда каржылык мыйзам бузууларга жол берген кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана башка ыйгарым укуктуу органдар өз иштерин күчөтүшү керектигин белгилешти.
Эл өкүлдөрү каржылык мыйзам бузуулар боюнча келтирилген зыянды өндүрүү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканын айтышты.
Ошондой эле жылдан жылга бир эле мамлекеттик органдар ири көлөмдөгү каржылык мыйзам бузууларга жол берип жаткандыгы, бирок бул үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатканы белгиленди.
Депутаттар Эсептөө палатасын шаблондук отчеттордон баш тартып, аудит жүргүзүү процессин санариптештирүүгө көбүрөөк көңүл бурууга чакырышты.



