Коом
Пакистандыктардын Ысык-Көлдө самынданып жуунуп жаткан видеосу элдин кыжырдануусун жаратты

Интернет желесинде эки пакистандыктын Ысык-Көлдө самынданып жуунуп жаткандагы видеосу тарап, коомчулукта кызуу талкуу болууда. Видеодон эки жарандын самынданып жуунуп жатканын байкоого болот.
Эки пакистандыктын мончодо жуунуп жаткан видеосун көргөн интернет колдонуучулары буларга “айыппул салынышы керек”, “жооп бериши керек”, “камаш керек” деген сыяктуу пикирлерин жазышты.

Буга тиешелүү органдар кандай карашат жана реакция болобу деген суроо туулат.



