Коом

Бир жумада 16,4 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы экспортко чыгарылды

2021-жылдын 17-сентябрынан 23-сентябрына чейин республиканын чек арасында жана аймагында экспорттоло турчу 16 миң 431 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясына карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн жумага салыштырмалуу Кыргызстандан продукция 2 миң 592 тоннага көп экспорттолгон.

Карантиндик фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө товарлар ичине чейин текшерилип, ташылып чыгарыла турган азыктардын үлгүлөрү алынды, ТЭИ катышуучулары ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттарынын жана сактоо эрежелеринин аткарылышы менен таанышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button